АкылманРус

«Акылманга» ар 31 баланын бирөө гана өтөт

2026-жыл: 5 884 катышуучу, 192 орун

Балаңыз чыныгы сынактагыдай тапшырмалар менен даярдансын: ар бир катанын чечими, алсыз темалар жана пробдук тест.

Бекер сынап көрүү

Телефон же почта аркылуу катталуу — 30 секунд

Тапшырмалар — чыныгы сынактагыдай

Сынактын 3-туру төрт предметтен турат. Биз тапшырмаларды ушул форматта түзөбүз.

Математика25
Логика15
Кыргыз тили20
Англис тили20
80 суроо · 120 мүнөт
Мисалы, логикадан:

15. Курт 75 см бийик мамынын түбүнөн чокусуна карай жылат. Күндүз 5 см өйдө чыгат, түнү 4 см ылдый тайып түшөт. Чокуга канчанчы күнү жетет?

  1. А) 71
  2. Б) 72
  3. В) 73
  4. Г) 75

Мындай тапшырмалар жана алардын чечимдери — пробдук версияда.

Кантип иштейт

  1. 1

    Катталыңыз

    Телефон номери же почта жана сырсөз менен — 30 секундда.

  2. 2

    Балаңыз пробдук тест тапшырат

    3-турдун форматында: 80 суроо, 120 мүнөт.

  3. 3

    Алсыз жерлерди көрөсүз

    Ар бир катанын чечими жана кайсы темаларды кайталоо керектиги.

Конкурс жыл сайын катуу

ЖылКатталды1-турга катыштыОрунБир орунга
202410 000+6 2027583
202515 000+8 42572117
202610 000+5 88419231

6-класстар үчүн агым. 2026-жылы 7-класстар үчүн дагы бир агым ачылды: 8 246 катталуу, 3 822 катышуучу. Булак: лицейдин расмий Telegram-каналы.

1-тур адатта апрелдин ортосунда өтөт.

Ким жасап жатат

  • KAIST · Jacobs University Bremen

    Негиздөөчүлөр Корея жана Германиянын алдыңкы университеттерин бүтүргөн.

  • Google

    Платформаны Google'дун инженери жасап жатат.

  • ЖРТ 200+ · SAT 1400+

    Кирүү сынактарындагы өзүбүздүн баллдарыбыз.

  • Жеке мектептер

    Мыкты жеке мектептерде окуганбыз.

Тандоо сынагы эмне экенин өз тажрыйбабыздан билебиз: мектептерге жана университеттерге — бюджетке жана чоң жеңилдиктерге — ар кандай форматтагы сынактарды өзүбүз тапшырганбыз.

Көп берилүүчү суроолор

Бекерби?

Пробдук версия бекер. Толук версиянын баасын ишке кирээрден мурун жарыялайбыз.

Кайсы тилде?

Кыргызча жана орусча. Математика менен логиканын суроолору сынактагыдай эки тилде.

Телефондон иштейби?

Ооба. Эч нерсе орнотуунун кереги жок — браузерден ачылат.

Кайсы класстарга?

7-класска (азыр 6-класста) жана 8-класска (азыр 7-класста) тапшыргандарга. 5-класстан баштап даярданса болот.

Лицей менен байланышыңар барбы?

Жок. Биз көз карандысыз платформабыз, тапшырмаларды сынактын ачык форматы боюнча түзөбүз.

Даярдыкты бүгүн баштаңыз

Бекер сынап көрүү